Бүгүн, 26-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту 5-кичи райондогу үч адамды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин кароону улантууда.
Сотто маркумдун апасы дагы көрсөтмө берди. Анда ал шектүү Чынтемир Аширалиевди тааный турганын, аны менен маркум кызынын ортосунда бала бар экенин билгенин айтты.
“Кызым менен күнүнө 3 ирет сүйлөшчүмүн. Окуя болгон күнү кызыма чалсам такыр албай койду. Жүрөгүм бир нерсени сезип жатты, такыр эле кабар ала албай койдум. Дароо эле Аширалиевден шек санадым. Кызым менен Аширалиевдин ортосунда уруш болгонун билбейм, аны 3 жылдан бери тааныйм. Аширалиевден төрөгөнүн да билем. Бала төрөлгөндө эле мага болгонун болгондой айткан.
"Баламдын атасы ичпейт, чекпейт, намаз окуйт" деп айтар эле. Ал жөнүндө жаман айткан эмес. Кызым андан төрөгөндө ал барбай качып жүрдү. Кийин эле барды. Кызым Аширалиев депутат болом деп жүргөндө акча берип жүрчү. Ошондо 100 миң сомбу же рублбу берген. Мындан сырткары унаа дагы алып берген. Өзүнүн унаасы жок болчу, мурун алам дегенде сага эмне кереги бар дегем”, - деди маркумдун апасы.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда энеси, кызы жана уулунун денесине оор залал келтирилген жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Ч.А. аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Маалым болгондой шектүү Ч.А. кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.