"Токой өртү, суу ташкыны". Июль айында катталган дүйнөдөгү табигый кырсыктар

Дүйнөнүн бир тарабы ысык аба ырайынан жабыркап, токойлор өрттөнүп жатса, айрым өлкөлөрдө тескерисинче сел жүрүп, катуу бороондун натыйжасында миңдеген тургундар эвакуацияланууда. Табигый кырсыктардын кесепетинен жүздөгөн адам каза болуп, имараттар кыйроодо. Төмөндө дүйнө жүзү боюнча ушул айда катталган табигый кырсыктарды тизмектейбиз.

Италия

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Италиянын түндүгүндө катуу бороондор катталса, түштүгүндө токойлор өрттөнүп жатат. Табигый кырсыктардын кесепетинен учурда 5 адамдын каза болгону, 2 миңдей адамдын эвакуацияланып, аба майдан жабылганы кабарланууда.

Сицилия аралындагы Палермо шаарында апта башында катталган токой өртү шамалдын таасири менен кыска убакытта жайылып кеткен. Анда 86 активдүү өрт катталып, анын натыйжасында 4 адам каза болгон. 1 токой кызматкери менен 2 өрт өчүрүүчү жабыркаган. Түтүндөн улам Палермо аэропортунда транспорт убактылуу токтотулуп, бир нече автожолдор жабылган. Адистер Сицилиядагы өрттөнгөн токойду калыбына келтирүү үчүн 15 жыл убакыт керек экенин айтышууда.

Италиянын түштүгү тилсиз жоо менен күрөшүп жатса, түндүгүндө нөшөрлөгөн жамгыр менен катуу бороондун таасиринен эки адам каза болгонун чет элдик басылмалар жазышты. Милан жана Брешиа шаарларынын четинде катуу шамалдан улам бак-дарактар ​​кулап, бир катар жолдор жабылган. Коомдук транспорттор үзгүлтүккө учурап, айрым жерлерде электр жарыгы өчкөн.

Пакистан

Катуу жааган жамгырдан жабыркаган өлкөлөрдүн катарына Пакистан дагы кирет. Өткөн аптада нөшөрлөп жааган жамгырдан Пакистанда 3,4 метр бийиктиктеги дубал урап түшкөн. The Nation басылмасынын маалыматына караганда, окуя учурунда 11 адам каза болуп, 5 адам куткарылган. Ошондой эле суунун деңгээли кескин көтөрүлүп кеткенине байланыштуу Нулла-лай дарыясынын боюндагы калктуу пункттарды суу каптаган, айрым аймактардын тургундары башка аймакка эвакуацияланган. Ошондой эле кечээ, 25-июлда Карачи шаарынын көчөлөрүн суу каптап, бир нече унаа суу алдына калган.

Индия

Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, апта башында Индиянын Нойда шаарында катуу жааган жамгырдан улам Хинтон дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, сел пайда болгон. Селден улам ижарага берилүүчү 100дөн ашык унааны суу каптаган.

Ал эми мурдагы жумада Махараштра штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчкү жүрүп, беш киши каза болгонун Associated Press басылмасы буга чейин кабарлаган болчу.

Белгилей кетсек, Индияда июль айынын башынан бери муссон жамгырынан улам 100дөн ашуун адам каза болгон. Авто жолдор менен темир жолдор бузулуп, көптөгөн турак-жайлар кыйраган.

Африка

Аба ырайынын кескин жогорулашы Африка континентинде да таасирин тийгизүүдө. Учурда Алжирде чыккан өрттөн улам каза болгондордун саны 34кө жеткенин дүйнөлүк басылмалар жазышууда. Алжирдин жарандык коргонуу төрагалыгы аба ырайынын жогорулашынан улам өлкөнүн түндүгүндөгү 7 шаарда токой өрттөрү чыкканын жергиликтүү басылмаларга билдирген. Анда өлкөнүн түндүгүндөгү Типаза, Бувейра, Бикая, Мустаганим, Сетиф, Скикда жана Жижел шаарларында токой өрттөрү катталганы айтылган.

Белгилей кетсек, бир айга жакын убакыттан бери Алжирдин борборунда абанын температурасы 48 градусту, ал эми башка аймактарда 50 градусту көрсөтүп жатат.

Ушундай эле абал Тунисте да өкүм сүрүүдө. Айрым жерлерде абанын температурасы 50 градустан ашкан өлкөдө 170 адам өрттөн жабыркаган, 2 500 адам жашаган жеринен башка аймакка көчүрүлгөн.

Түркия

Буга чейин Түркия бир нече аймагында катталган өрттүн алдын алган. Бирок 24-июлда Анталья аймагында чыккан өрттү өчүрүү аракеттери эки күндөн бери уланууда.

“Анталья облусунун Кас, Кемер жана Ташайыл райондорунда, ошондой эле Маниса облусунун Саруханлы айылында жана Кахраманмараш облусунун Дулкадироглу аймагында токой өрттөрүн өчүрүүнү улантып жатабыз” - деп Түркиянын токой чарба министрлиги кечээ, 25-июлда социалдык тармактагы баракчасында билдирген.

Бүгүн Кемерден сырткары башка аймактагы өрттөрдүн өчүрүлгөнүн TRT каналы билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин Антальядан сырткары өлкөнүн Хатай, Мерсин, Чанаккале аймагында дагы өрт кырсыгы катталган болчу.

Түштүк Корея

Аба ырайынын өзгөрүшү Түштүк Кореяга да зыянын тийгизип жатат. Аталган өлкөнүн “Ренхап” агенттигинин маалыматына караганда, өткөн аптадагы нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, 16,5 миңден ашуун адам үйлөрүн таштап кетишкен. Алардын 7,8 миңи дагы эле туугандарында же баш калкалоочу жайларда экени айтылууда.

Ошондой эле табигый кырсыктын кесептинен 44 адамдын каза болгону, дагы алты кишинин дайынсыз жоголгондугу кабарланды.

Мындан сырткары, селден улам 1,9 миңден ашык имаратка зыян келтирилип, 330дан ашык турак-жай кыйраган. Басылманын маалыматына караганда, нөшөрлөгөн жаандан улам 797 миң мал жандыгы өлгөн.

Греция

Токой өртү менен күрөшүп жаткандардын катарына Греция дагы кирет. 23-июлда Родос аралында 64 өрт чыгып, азыркы тапка чейин табигый кырсыктын алдын алуу иш-чаралары көрүлүп жатат. Грециянын Mega TV телеканалынын маалыматына караганда, өрткө байланыштуу аралдан 30 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Ал эми чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, өрт орто кылымдык чептер жайгашкан Асклипио, Пилон, Лаерма, Лардос, Калатос, Хараки, Пефкос курорт айылдарында жана Линдос шаарында катталган.

Учурда өрттү өчүрүү үчүн 450дөн ашык аба техникасы тартылганы менен, катуу шамалдан улам тилсиз жоо күчөп жатканы кабарланууда.

Канада

Өлкөнүн өкмөттөр аралык токой өртүнө каршы борборунун маалыматына ылайык, Канадада чыккан тилсиз жоодон улам 10 миллион гектар жер күйүп кеткен. Ал эми өрттүн жалпы саны 905ти түзгөн. Анын ичинен 227 өрт көзөмөлгө алынса, 107 өрттүн жайылуусуна бөгөт коюлган. 571 өрттү көзөмөлгө алуу мүмкүн болбой жатканы айтылууда. Алардан чыккан түтүн Канаданын чегинен чыгып, АКШнын ар кайсы аймактарында дагы абаны булгап жатканын буга чейин бир нече басылмалар жазып чыгышкан.

Ал эми жыл башынан бери Канадада жалпысынан 4 089 өрт кырсыгы катталган.

Белгилей кетсек, өткөн айда Канаданын чыгышында токой өртүнөн 30 миң адамдын эвакуацияланганы кабарланган болчу. Учурда тилсиз жоонун алдын алуу үчүн аракеттер көрүлүп жатканы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан