Аламүдүн суусуна агып кеткен 1 жаштагы кыз 9 күндөн бери изделип жатат

Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 1 жашар кызды издөө уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 18-июлда Аламүдүн суусунун жогору тарабында С. кызы К. аттуу кичинекей кыз Аламүдүн суусуна түшүп кетип, анын артынан кызын куткарам деп 27 жаштагы А.Э. аттуу аял киши сууга түшүп кеткен.

Ошол эле күнү куткаруучулар аялдын сөөгүн таап, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берген.

"Кечээ, 26-июль күнү кеч киргендигине байланыштуу кызды издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок. Бүгүн издөө иштери улантылат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан