Бүгүн, 27-июлда Аламүдүн суусунан бир нече күндөн бери изделип жаткан 1 жаштагы наристенин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Наристенин сөөгү болжол менен окуя болгон жерден 20 чакырым алыстыктагы “Таштар-Ата” дачасынын аймагында Аламүдүн суусунан жергиликтүү тургун тарабынан табылган. Куткаруучулар кыздын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти", -деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 18-июлда Аламүдүн суусунун жогору тарабында 2022-жылы туулган С.К. атуу кыз Аламүдүн суусуна түшүп кетип, анын артынан кызын куткарам деп 27 жаштагы А.Э. аттуу аял киши сууга түшүп кеткен.
Ошол эле күнү куткаруучулар аялдын сөөгүн таап, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берген.