"Дордой" базарына бомба коюлду деген маалымат тастыкталган жок

Бүгүн, 29-июлда Бишкектеги "Дордой" базарында бомба коюлду деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдирди.

Ага ылайык, окуя болгон жерге райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу барган. Базардын аймагын курчоого алып, базардын кызматкерлери менен кардарлар эвакуацияланып, издөө иштери жүргөн.

Буга чейин, саат 10:12 чамасында "Дордой" соода борборундагы "Алкан" базарында жардыруучу зат коюлду деген маалымат түшкөнү кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан