Жээнбековдун уулу апасы тууралуу сот менен УКМКнын маалыматын четке какты

Кечээ, 29-июлда тергөө абагынан үй камагына чыккан саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева боюнча уулу Азат Равшан билдирүү таратты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анда апасы оор операциядан кийин үйүнө чыгарылганы, анын абалы начар экени жана мындан ары да дарылоону талап кылары айтылат.

"Апам Салкын Алимбаева оор операциядан кийин, кечээ СИЗОдон/ооруканадан чыгарылды. Анын ден соолугу дагы деле жакшы эмес жана андан ары операция жана дарылоону талап кылат. Апам эч себепсиз УКМКнын СИЗОсунда 2 ай жатып, ден соолугуна терс таасирин тийгизди.

Мен дагы тактап айткым келет, апам эч кимге эч кандай материалдык зыян келтирбегендиктен кун төлөгөн жок жана анын эч кандай "жерге" тиешеси жок. Апамдын камалышы атам Равшан Жээнбековдун саясий позициясы жана NEXT TV телеканалынын көз карандысыз маалымат каражаты катары ишмердүүлүгүнө байланыштуу", - деп жазды ал.

Белгилей кетсек, кечээ Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы Салкынай Алимбаева келтирилген материалдык чыгымды толугу менен толтурганы үчүн УКМКнын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылып, үй камагына чыкканын билдирген.

Анын алдында УКМКнын басма сөз кызматы Алимбаева кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча аукциондо мамлекеттик мекемелерде таанышы бар экенин айтып, жеңишти алып берүү үчүн бизнес өкүлдөрүнөн 500 миң доллар алганы аныкталганын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
-Aybek18
2023-07-30 17:43:00
Өзүнүн бийлигин элге таңуулап жатат, баш ийбесеңер күч колдонобуз деп, конституция здесь не причём,С.Жапаров менен К. Ташиевдин айткандары Кыргызстанга закон жана конституция болуп баратат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан