Жээнбековдун жубайы Алимбаева үй камагына чыкты

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева үй камагына чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдирди.

Ага ылайык, соттун 29-июлдагы чечими менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылды.

"Айыпталуучу А.С.С.га карата мурда тандалган баш коргоо чарасы 24-сентябрга чейин үй камагына деп өзгөртүлдү. Тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген материалдык чыгым толугу менен толтурулган. Буга байланыштуу тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылды", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн эле УКМК Салкынай Алимбаева кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча аукциондо мамлекеттик мекемелерде таанышы бар экенин айтып, жеңишти алып берүү үчүн бизнес өкүлдөрүнөн 500 миң доллар алганы аныкталганын маалымдаган.

Эске салсак, Алимбаева 25-майда УКМКнын тергөө абагына камалган. 26-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алган, шаардык сот чечимди күчүндө калтырган. 21-июлда Биринчи Май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 25-сентябрга чейин узарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан