Каржы министрлиги: 2014-жылы билим берүү тармагындагы чыгымдар 13 миллиард сомго жогорулайт

Бишкекте 12-декабрда Жогорку Кеңештин “2014-жылдагы Кыргызстандын республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдардагы божомолдор” мыйзам долбоорун кароо учурунда каржы министри Ольга Лаврова “2014-жылы билим берүү тармагындагы чыгымдар 13 миллиард сомго жогорулайт” деп билдирди. 

Анын айтымында, чыгымдардын жогорулашы Билим берүү министрлигинде бул жылы айлык акы үчүн каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан аталган мекемеге өткөндүгүнө байланыштуу болгон. Башкача айтканда, буга чейин айлык маянага бөлүнгөн каражат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бөлүнсө, мындан ары Билим берүү министрлигине бөлүнөт. 

Мындан сырткары айлана-чөйрөнү коргоонун чыгымдары 350 миллион сомго, турак жай-коммуналдык чарба – 100 миллион сом, саламаттыкты сактоо – 1 миллиард сом жана маданият, дин тармагындагы чыгымдар 70 миллион сомго жогорулай турганын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан