Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи автобус менен Ford Mustang үлгүсүндөгү унаа катышкан жол кырсыгынан кичи автобустун жүргүнчүсү жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ 30-июлда саат 13:00 чамасында Бишкек шаарынын Чүй жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган кичи автобус менен Ford Mustang жеңил унаасы кагылышкан. Натыйжада жол кырсыгынан кичиавтобустун жүргүнчүсү 28 жаштагы жигит жаракат алды.
Учурда баардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.
"Жолдо жалгыз эле айдоочунун коопсуздугу эмес, айдоочунун жүрүм-турумунан айланасындагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды экендигин жана жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдоону эскертебиз", - деп эскертишти мекемеден.