Бүгүн, 30-июлда Бишкектеги Чүй жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган кичи автобус менен Ford Mustang үлгүсүндөгү унаа кагышты.
Айрым басылмалар өздүк булактарына таянып, окуя саат 13:00 чамасында орун алганын жазышты. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсык боюнча маалымат бере элек.