Мамлекеттик имараттардын ижарасынан 9 айда бюджетке 24 миллион 600 миң сом түшкөн

2013-жылдын 9 ай ичинде мамлекеттик имараттардын ижарасынан бюджетке 24 миллион 600 миң сом каражат түшкөн. Бул тууралуу 12-декабрда парламенттин жалпы жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014 - 2015-жылдарга карата болжолдор” тууралуу мыйзам долбоорун карап жаткан учурда Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Айбек Осмоналиев билдирди. 
Анын айтымында, 9 ай ичинде 60 миң чарчы метр имарат ижарага берилген. "Мамлекеттик имараттардын 1 чарчы метринин эң төмөнкү баасы 55 сом, ал эми эң жогорку баасы 190 сом",- деди ал. 
Депутат Дамира Ниязалиева шаардын борборундагы мамлекеттик имараттардын 1 чарчы метри болгону 1 долларга берилип жатканын айтып сынга алды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан