Социалдык тармактарда белгилүү “Кызыл Раушан” ырынын аткаруучусу, казак ырчысы Улангасыр Камиевдин тойдо мас болуп,тойдун коноктору менен мушташып кеткени тууралуу видео жарыяланды.
Андагы маалыматка ылайык, окуя 29-июлда болгон. Анда ырчы Казакстандын Жетысу облусундагы тойдо ырдап, андан кийин мас абалында тойдун коноктору менен мушташкан.
Өз кезегинде полиция бул боюнча арыз түшпөгөнүн, бирок текшерүү жүргүзгөнүн билдирген.
"Бул факты боюнча Алакөл райондук полициясына арыз түшкөн эмес. Бирок текшерүү учурунда ырчынын майрамдык иш-чарада мас болгондугу тастыкталган. Үйлөнүү тою ичимдиксиз өткөн. Учурда укук бузуучу административдик жоопкерчиликке тартылды", - деп билдирген полиция.