Белгилүү "Эйфория" сериалынын актёру Ангус Клауд каза болду

Кечээ, 31-июлда Голливуддун өсүп келе жаткан жылдызы, актёр Ангус Клауд каза болгону белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, актёр HBO каналындагы "Эйфория" сериалында Фесконун ролу менен белгилүү. Ал болгону 25 жашта болгон. Актёр Жаңы Зеландиянын Окленд шаарындагы үйүндө каза болгон.

Каза болордун алдында актёр трагедияга кабылганы белгиленген.

"Ал өткөн жумада атасынын сөөгүн жерге берип, оор жоготууга кабылды. Ангус азыр эң жакын досу болгон атасы менен кайрадан жолугушту деп өзүбүздү сооротуп жатабыз. Ангус психикалык көйгөйлөр менен күрөшүп жаткандыгын ачык айткан", - деп билдиришкен анын жакындары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан