Казакстандын Караганда облусундагы Атайын социалдык кызмат көрсөтүү борборунда 12 бала ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, алгач 30-июлда эки бала өзүн жаман сезип жатканын айткан. Көп өтпөй аталган мекемедеги дагы 10 баланын да ооруп жатканы белгилүү болуп, балдар бейтапканага жаткырылган. Ууланган балдардын бирөөсү ооруканада көз жумду.
"Бүгүнкү күндө алты бала жандандыруу бөлүмүндө жатат. Окуянын себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлдү" - деп билдирген Караганда облусунун акиминин маалымат кызматы.
Кийинчерээк башкы санитардык дарыгер Айжан Эсмагамбетова массалык ууланууга тамак-аш себеп болбогонун айткан.
"Биринчи иликтөө мунун тамак-аштан ууланууга эч кандай тиешеси жок экенин көрсөттү. Бул абалды, балдардын абалынын оордугун эске алып, бүгүн Саламаттыкты сактоо министри аталган жерге жөнөп кетти", - деген ал.
Учурда аталган окуя боюнча кылмыш иши козголгону айтылууда.