“Айылды суу менен камсыздоо жана санитария" экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга №2-Толуктоо тууралуу макулдашуу каты ратификацияланды

11-декабрда президент Алмазбек Атамбаев “2013-жылдын 16-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитария" экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга №2-Толуктоо тууралуу макулдашуу катты ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 31-октябрында кабыл алынган.

КРнын Тышкы иштер министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуу каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан