Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-3 конушунда болгон жол кырсыгынан жабыркагандардын экөө ооруканадан чыгып, экөө дарылануусун улантып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында башкы дарыгердин орун басары Илимбек Манапов SUPER.KG порталына билдирди.
Маалымдалгандай, ооруканадагылардын абалдары туруктуу.
"Учурда жол кырсыгына кабылып ооруканага түшкөндөрдүн экөө дарыланып жатат. Абалдары жакшы, ушу жуманын ичинде ооруканадан чыгарабыз", - деп билдирди Манапов.
Эске салсак, 19-июлда эртең менен Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда оор жүк ташуучу унаа маршрутканы коюп кеткен видео социалдык тармактарга жарыяланган. Кадрдан жүргүнчү алып жаткан №169 каттамдагы маршрутканы SCANIA үлгүсүндөгү унаа артынан сүзгөнүн көрүүгө болот.
Кийинчерээк Чүй милициясы дагы маалымат таратып, окуя Сокулук районуна карштуу Ак-Ордо-3 конушунда болгонун, Мерседес Бенц үлгүсүндөгү 169-кичи автобусту SCАNIA R-124 үлгүсүндөгү чоң жүк ташуучу машина сүзгөнүн, анын 32 жаштагы айдоочусу кармалганын билдирген.
Саламаттык сактоо министрлиги бул кырсыкта 23 адам жаракат алганын, алардын 12си ооруканага жеткирилип, төрт жүргүнчү жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн билдирген.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.