Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев бир сутка ичинде бир катар аткаминерлерди иштен алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта өзбек лидеринин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.
Маалымдалгандай, Шавкат Мирзийоев Ташкент облусунда өткөн жыйында Өзбекстандын 40тан ашык салык инспекциясынын жетекчилерин, банк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана акимдин орун басарларын (район жана шаар акимчиликтеринин башчылары), башка кызмат адамдарын кызматтан бошотуп, айрымдарына сөгүш жарыялады.
"Ташкент облусунун акиминин биринчи орун басары, Кибрай, Янгиюль райондорунун акимдери жана башка тармактын жетекчилерин,
Анжиян жана Сырдарыя облустарынын салык инспекцияларынын жетекчилерин, ошондой эле ири салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча салык комитетинин инспекциясынын жетекчисинин милдетин аткаруучусун, жана 26 салык инспекциясынын жетекчилерин, Бекабад, Бока, Кушкупыр, Шахрихан, Канлыкул, Тахтакопир, Чымбай, Мирзаабад, Багат, Улугнор, Ходжейли, Шуманай, Мирзачул, Дустлик, Туракурган облустарынын жана Наманган шаарынын акимдеринин биринчи орун басарларын, Борбордук банктын Фергана жана Сырдарья облустары боюнча башкармалыктарынын, Наманган жана Сурхандарья облустары боюнча "Халк банкынын", "Агро банктын" Анжиян жана Фергана облустары боюнча бөлүмдөрүнүн жана "Микро кредит банктын" Ташкент облусу боюнча бөлүмдөрүнүн башчыларын ээлеген кызматынан бошотту", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, Ташобластинин акими өнөр жай жана инвестиция маселелери боюнча орун басарына, курулуш боюнча орун басарына ошондой эле экономика жана финансы министринин орун басарына, салык комитетинин төрагасынын орун басарларына, Ташкент шаарынын салык башкармалыгынын башчысына сөгүш жарыялоо тууралуу тапшырма берилди.
Эске салсак, ушул жылдын 11-июлунда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев инвестиция тартуу боюнча жыйында райондун, шаарлардын, тармактык ишканалардын жана бирикмелердин 17 жетекчисин кызматынан бошоткон.