Кечээ, 11-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев инвестиция тартуу боюнча жыйында райондун, шаарлардын, тармактык ишканалардын жана бирикмелердин 17 жетекчисин кызматынан бошотту. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов телеграм каналында билдирди.
Маалыматка караганда, былтыркыга салыштырмалуу чет элдик инвестициялардын көлөмү төмөн болгондуктан Мирзийоев бир нече мамлекеттик компаниялардын ишин сынга алган. Натыйжада Навои жана Янгийул шаарларынын, Аму-Дарыя, Кургантепа, Бухара, Миришкор, Чыракчы, Хатырчы, Паарык, Акалтын, Гүлистан жана Аккурган райондорунун акимдери кызматынан бошотулган. Ошондой эле Мирзийоев Башкы прокуратура менен Эсеп палатасына жогоруда аталган шаар жана райондордун жетекчилеринин ишмердүүлүгүн текшерип, "мыйзамдуулукту камсыздоону" тапшырган.
Белгилей кетсек, жекшемби күнү коңшу өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөн. Кечээ, 11-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы 87,05 пайыз менен өлкөнүн учурдагы президенти Шавкат Мирзийоевдин жеңишке жеткенин жарыялаган.