Москвада сабалган кыргызстандык таксист видео кайрылуу жасады (видео)

Москвада жүргүнчү тарабынан ур-токмокко алынган кыргызстандык таксист Шамиль Муратов видео кайрылуу жасады. Анда ал колдоо көрсөткөн бардык жарандарга ыраазычылыгын билдирип, учурда баары жайында экендигин айткан.

"Мен Москвада таксист болуп иштеп жүрүп жогорудагыдай окуяга кабылдым. Полицияга арыз жазгам. Кечээ мага Кыргызстандын Орусиядагы Элчилиги байланышты. Ошондой эле Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү да байланышка чыкты. Бүгүн алар менен чогуу райондук полиция бөлүмүнө барып, кошумча түшүндүрмө бердим. Мага кол салган жаранга кылмыш иши козголду. Биздин Элчиликке, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине жана башка мени колдогондорго чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Баары сурап жатышты. Менде баары жакшы. Кылмыш иши козголду. Бул жактагы полиция да жардам көрсөттү. Баары жакшы. Чоң рахмат", - деп билдирген ал.

Эске салсак, кечээ, 2-августта социалдык тармактарда, Москвада такси кызматында иштеген кыргызстандык жаран иш учурунда сабалганы тууралуу маалымат тарап, видеосу жарыяланган. Аталган окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, аталган өлкөдө иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын укугу тууралуу талаштарды күчөткөн. Көп өтпөй Тышкы иштер министрлиги окуя боюнча үн катып, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусиянын ТИМине нота жибергенин билдирген.

Ал эми Ички иштер министрлиги ИИМдин Москвадагы бөлүмүндө таксистке кол көтөргөн жүргүнчүгө карата "Сабоо" беренеси менен кылмыш иши козголгонун белгилеген.

Москвада сабалган кыргызстандык таксист видео кайрылуу жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан