Бүгүн,13-декабрда облустун айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Ошэлектр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Электр жарыгын өчүрүү эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 17:00гө чейин улантылат. Араван районунун Төбө-Коргон айылы, Алай районунун Гүлчө айылы, Ноокат районунун Кызыл-Сай, Гулистан, Каранай, Адыр, Мундуз айылдарына жана Ош шаарынын Шарк айылына, Амир-Темир кичи районуна аталган ишкананын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу электр жарыгы берилбейт.