Грузиянын Рача-Лечхуми жана Квемо Сванети бийик тоолуу аймагында жайгашкан Шови курорттук кыштагында жер көчкү катталды. Кырсыктан 7 адамдын өлгөнүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кечээ, 3-августта Шови курорттук кыштагында жер көчкү катталган. Анын кесепетинен көпүрөлөр жана жолдор бузулуп, туристтик коттедждер менен мейманкана зыянга учураган. Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвилинин маалыматына караганда, жер көчкүдөн 7 адам каза таап, 30дан ашык адам менен байланышуу мүмкүн болбой жатат. Ал эми эки күндүн ичинде 210 адам эвакуацияланган, учурда аскерлер издөө-куткаруу иштерине тартылууда.
Ошондой эле премьер-миинстрдин айтымында, Шови аймагындагы кырсыкка байланыштуу Грузияда 7-август- аза күтүү күнү деп жарыяланды.