12-декабрда Баткен шаарында Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепке Чыңгыз Айтматовдун китептери жана улуу жазуучунун портрети белекке берилди. Белектер облустук прокуратура тарабынан берилгенин бүгүн, 13-декабрда Башкы прокуратурадан билдиришти. Жазуучунун туулган күнүнө карата Баткен облустук прокуратурасы жазуучунун бардык чыгармалары камтылган 3 жыйнак даярдалып, анын портрети тартылды.