Кечээ, 6-августка караган түнү Ысык-Көлдүн Бостери айылында топ балдар арасындагы мушташтан улам 23 жаштагы жигит каза тапканы тууралуу маалымат чыккан. Маркумдун агасы видео аркылуу коомчулукка кайрылып, инисин 7-8 бала сабап өлтүрүп коюшканын билдирген. Ошондой эле ал тергөөчүлөр ишке көңүл кош мамиле жасап, анын өлүмүнө "эпилепсия оорусу себеп болгон" деген тыянак чыгарып коюшканын айтып чыккан.
Бүгүн, 7-августта каза тапкан жигиттин достору да адилеттик талап кылып, укук коргоо органдарына жана башкы прокуратурага кайрылуу жолдошту.
"6-августка караган түнү досторубуз Ысык-Көлдөгү Бостери айылына эс алууга келишкен. Ал жактагы балдар ур-токмокко алып, бир досубуз каза тапты. Азыр соттук-медициналык экспертиза аталган иште ур-токмок болгон эмес, криминалдык элементтер жок деп жатышат. Бирок ур-токмок болгон. Көргөн-билгендер бар. Муну жокко чыгарбай, калыс чечим чыгышын каалайбыз. Калыс болуп бергиле", - деди каза болгон жигиттин достору.