1-ноябрга карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 3 миллиард 360 миллион долларды түздү. Анын 92 пайызы сырткы карыз жана 8 пайызы ички карыздар. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда КСДП фракциясынын жыйынында каржы министри Ольга Лаврова билдирди.
“Карыздардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн Кыргызстан сырткы аласаларды жеңилдиктер менен алууга аракет кылууда. Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияда жеңилдиктердин 35 пайызга чейин болушу жазылган. Биз алган каражаттардын кайсы бир бөлүгү гранттык негизде болушуна умтулуудабыз”,- деди министр.
Мындан сырткары Улуттук стратегия боюнча сырткы карыздар ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашпоосу керектигин кошумчалады. Өткөн жылы Орусия карыздарын кечкендигине байланыштуу сырткы карыз ички дүң продукциясынын 47-47,5 пайызына барабар болгон. Божомолдор боюнча бул көрсөткүч 45 пайызга чейин төмөндөшү керек.