Тажикстандын Куляб шаарында катталган кырсыкта каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
"Кечээ, 6-августта кечки саат 19:30да Душанбе-Куляб-Хорог унаа жолунда Куляб шаарынын аймагында ири жол кырсыгы катталды. Дулон үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тормоз системасынын иштен чыгышынан улам бир нече жеңил унааларды жана эки турак жайды сүзүп кеткен. Каза тапкандар менен жаракат алгандардын так саны такталууда.
Тышкы иштер министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча каза болгон жана жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ, 6-августта Тажикстандын Куляб шаарында жүк ташуучу унаа бир нече жеңил унаа менен эки үйдү сүзүп кеткен. Тажикстандын жергиликтүү басылмаларынын маалыматына караганда, кырсыктан 10 адам каза болуп, 13 адам жаракат алды. Учурда окуяга байланыштуу кылмыш иши козголгону айтылды.