Неймар "ПСЖ" клубунан кеткиси келерин билдирди

Атактуу бразилиялык футболчу Неймар "Пари Сен-Жермен" клубунан кеткиси келерин клубдун жетекчилигине билдирди. Бул тууралуу L'ÉQUIPE басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, Неймар буга чейин "ПСЖ" клубунун президенти Насер Аль-Хелайфиге жайкы трансфер бүткөнгө чейин клубдан кеткиси келгенин айткан. Бразилиялык чабуулчу бул чечимди үй-бүлөсү жана менеджери Пини Захави менен бирге кабыл алган.

Маалым болгондой, Неймар өзүн "ПСЖ" клубунун курамында коопсуз сезбейт. Себеби буга чейин 4-майда аталган клубдун күйөрмандары футболчуга нааразы болуп, анын үйүнүн алдында нааразычылык акциясын уюштурушкан. Басылмада жазылгандай, Неймар мурдагы клубу "Барселонага" кайра кайткысы келет.

Неймар "Барселонада" 2013-жылдан 2017-жылга чейин ойногон. 2017-жылдан бери чабуулчу "ПСЖда" оюн көрсөтүп, Францияда беш чемпиондукту жеңген. Анын париждиктер менен келишими 2025-жылдын жайында аяктайт.

Неймар өткөн сезондо Франция Чемпиондугунда 20 оюн өткөрүп, 13 гол жаратып, 11 жолу топ чыгарып берүүгө жетишкен. Клуб кайрадан өлкөнүн чемпиону болгон. Ал эми Чемпиондор Лигасында "ПСЖ" 1/8 финалга чыгып, Баварияга утулуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан