Парламентте бүгүн, 13-декабрда “Ата Журт” фракциясынын жыйыны жабык форматта өтүп жатат. Күн тартибинде фракциянын курамы жана “Ата Журт” фракциясынын атынан вице-спикерликке талапкер көрсөтүү маселеси каралууда. Эскерте кетсек, буга чейин фракциянын атынан Талант Мамытов вице-спикер болчу.