Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ысык-Көл облусунда табигый кырсыкка дуушар болгон айылдардын жашоочуларынан кабар алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр элдин абалын жеринде көрүп, элеттиктердин көйгөйлөрүн угуп, сел жүргөн аймактардагы иштин аткарылышын көзөмөлүнө алган.
"Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагында катталган селдин кесепетинен түзүлгөн кырдаалды тактоо, адамдардын өмүрүн сактоо жана авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында аталган аймак башчысынын 8-августундагы №70 буйругунун негизинде Талды-Суу, Корумду, Көөчү айылдарында "Өзгөчө кырдаал" режими киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган айылдарда жалпысынан болжол менен 92 турак үйдүн короосун, жер төлөсүн жана ички чарбалык жолдорун, айдоо талааларын суу каптаган.
Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга 249 адам тартылып, анын 103ү куткаруучулар экени айтылган.