КУУнун ректору И.Исамидиновго кылмыш иши козголду

КУУнун ректору Искендер Исамидиновго кылмыш иши козголгонун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Искендер Исамидинов төрт проректордун ордуна сегиз проректор дайындап алган. Штаттык кеңейтүүлөр боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашылган эмес.

Проректорлор министрликтин буйругу менен эмес, Исамидиновдун буйругу менен дайындалган. Натыйжада, проректорлорду дайындоо мыйзамынын нормалары бузулуп, аларга 2 миллион 238 миң сом айлык акы мыйзамсыз берилген. Буга байланыштуу кылмыш иши 28-октябрда козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан