Парламент: КСДПнын депутаттары журналисттерге нааразы

КСДП фракциясынын депутаттары 13-декабрдагы жыйынында ММКларга нааразы экендиктерин айтышты. Алардын оюнча, маалымат булактары өлкөнүн жетишкендиктерин жазбай, жалаң кемчилик издеп жатат. Депутат Эркин Сакебаев биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин жакшы маалыматы көз жаздымда калганын айтат.

“Оторбаев жыйында экономика 10 пайызга өскөнүн айтты. Бул өтө жакшы көрсөткүч, негедир муну маалымат каражаттары жазган жок. Быйыл канча түшүм жыйналганы сыяктуу маалыматтар жок. ММКларда жалаң негатив. Окуп алып өлкөдө бүт баары жаман экен деп ойлойсуң”,- дейт Сакебаев.

Кесиптешин Чыныбай Турсунбеков да колдоду. “Экономиканын 10 пайызга өсүшү сейрек учурайт”,- деген депутат өлкөдө жакшы иштер жүрүп жатканын айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан