"Шылтоо таап, кысым көрсөтүү". Садыр Жапаров америкалык саясатчынын жазган катына жооп кайтарды

Президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик маалымат агенттигине кыскача маек куруп, Кыргызстан Орусияга салынган эл аралык санкцияларды аткарбай жатат деген америкалык саясатчынын айыптоосуна жооп берди.

Анда мамлекет башчысы Кыргызстан Батыштын санцкияларынан айланып өтүүдө, Орусияга көмөк көрсөтүп жатат деген айыптоолор таптакыр негизсиз экенин белгилеген. Ошондой эле америкалык сенатордун бул кадамын Кыргызстан сыяктуу кичинекей мамлекеттерге карата кысым катары баалап, Кыргызстан эркин өлкө экендигин баса белгилеген.

"Эч кандай негиз жок. Орусия менен Кытай кичинекей Кыргызстанга көз каранды эмес. Орусия менен Кытай өздөрү бири бирине кошуна өлкөлөр. 4000 чакырым чек ара тилкеси бар. Орусия кааласа деңиз аркылуу, кааласа темир жол аркылуу эшелон-эшелон же баржа-баржа кылып каалаган товарын ташып алат. Ооба, Кыргызстандык компания дрон алып бара жаткан жеринен Казакстандан кармалды. Ал дрондор айыл чарба багытына жумшала турган дрондор болчу деп түшүндүрдү. Бирок ошентсе да биз азыр дрон жана учкучсуз аппараттарды өткөрбөй жатабыз.

Ал эми менин атыма сенатор эле эмес, төбөсү көрүнгөн чоңдордун баарынан эле андай каттар көп келип турат. Муну мен жөн гана Кыргызстанды кандай болсо дагы бир шылтоо таап, кысым кылып, өздөрү жакка тартуу деп билем. Биз андайга жол бербейбиз. Биз эгемендүү мамлекетпиз. Бардык өлкөлөр менен бирдей мамиледе болобуз. Көп векторлуу саясат жүргүзөбүз. Орусия-Украина маселесинде башталышында эле биз нейтралдуубуз деген позициябызды билдиргенбиз. Ошол позициядан жазбайбыз. Биз позициябызды бир тарабына өзгөртүп койсок эле ошол тарабы жеңип кетпейт. Бизден көз каранды эмес", - деген өлкө башчысы.

Эске салсак, кечээ, 8-августта АКШ сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетин жетектеген сенатор Роберт Менендес президент Садыр Жапаровго кат жолдоп, дүйнөлүк коомчулук менен бирге Орусияга каршы киргизилген санкцияларды так аткарууну өтүнгөн. Аталган кат Сенаттын Тышкы байланыштар боюнча комиссиясынын расмий сайтында жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан