Эл аралык байланыштар боюнча комитетти жетектеген америкалык сенатор Роберт Менендес президент Садыр Жапаровго кат жолдоп, Орусиянын киргизген санкциялардан качуусуна жардам берүүнү токтотууга чакырды. Бул тууралуу кечээ, 8-августта Сенаттын тышкы байланыштар боюнча комиссиясынын расмий сайтында жарыяланды.
Президент Садыр Жапаровго жолдогон катында сенатор Украинада согуш башталгандан бери Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы импорттук-экспорттук транзакциялар кыйла өскөнүн белгилеген.
“Согуш башталгандан бери Кыргызстан Орусия менен импорттук-экспорттук мамилесин кескин түрдө кеңейтти. Ошол эле маалда сиздин өкмөтүңүздүн Орусия менен дрондор, учак, курал-жарак тетиктери жана электрондук схемалар сыяктуу санкцияланган өнүмдөрдү сатууда мыйзамды аткарбагандыгы жана Орусияга эл аралык санкциялардан качууга мүмкүнчүлүк берип жатканы айтылууда. Мен сиздин өкмөттү санкциялардан качуу боюнча бул олуттуу айыптоолорду дароо иликтеп чыгууга жана сиздин аймагыңыз аркылуу товарлардын мыйзамсыз агымына жол бербөө үчүн күчтүү жана бекем процесстерди түзүүгө чакырам", - деп жазылган билдирүүдө.
Ошондой эле Менендес жолдогон катында Кыргызстандын Орусияга каршы эл аралык санкцияларды аткарбай жатышы өлкөнүн демократиядан артка чегинүүсүнүн жана адам укуктарынын кеңири бузулушунун белгиси экенин билдирген.
"Бир кезде Борбордук Азиядагы демократиянын жаркыраган чырагы болгон Кыргызстандын автократияга карай опурталдуу жолдо баратат. Мен сизди көз карандысыз маалымат каражаттарына жана журналисттерге болгон бардык чектөөлөрдү алып салууга, камактагы укук коргоочуларды бошотууга жана биригүү эркиндиги сыяктуу негизги эркиндиктерди чектеген чараларды алып салууга чакырам. Сиздердин өкмөтүңүздөрдүн бул маселелерди чечүүгө умтулуусу кыргыз элинин коопсуздугу жана бакубаттуулугу үчүн абдан маанилүү. Биз сизден чыдамсыздык менен жооп күтөбүз", - деп сөзүн жыйынтыктаган сенатор.
Эске салсак, буга чейин Орусияга санкцияланган товарларды ташып жатат деген негизде АКШ Кыргызстанга экономикалык чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн экенин The Washington Post басылмасы айрым бийлик өкүлдөрүнө таянып жазып чыккан болчу. Анда кыргызстандык ишканалар санкция киргизилген товарларды Орусияга сатуудан пайда көрүп жатканы айтылган.
Буга жооп кылып Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Орусия менен Кыргызстан ЕАЭБ мүчөлөрү жана Орусия өлкөнүн негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин кабарлаган.
Андан соң УКМК кызматы АКШ жана батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга кыргыз мамлекетинин, анын ичинде эч кандай мамлекеттик түзүмдөр менен компаниялардын тиешеси жок деп билдирген.
Көп өтпөй, 20-июлда АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстандын төрт компаниясына, тагыраагы, "РМ Дизайн энд Девелопмент" (RMDD) ЖЧКсына, "Прогресс Лидер" ЖЧКсына, "ГТМЕ Технологии" ЖАКына жана "Карголайн" ЖЧКсына санкция киргизген. Ошондой эле АКШ кыргызстандык компаниялардан санкцияланган товарларды алып турган орусиялык фирмаларды да кара тизмеге киргизгени маалымдалган.