Токтогулдагы сел ишкердин 10 тонна балыгын агызып кетти. "Эл 5 тоннасын карызга сатып алды" дейт ал

Кечээ, 8-августта Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Торкент айылында сел жүрүп, бир нече турак үй, мал сарайлар зыянга учурады. Азыркы тапта айыл эли менен жергиликтүү бийлик короо-жайларды тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Аталган айылдын 37 жаштагы тургуну Азамат Үкүбашов селден улам 10 тонна балыгы агып кеткенин айтты.

"Балык чарбасын баштаганыбызга эки жыл болуп калган. Чарбада жалпы 20 тонна балык бар болчу. Кечээ селден улам анын 10 тоннасы агып кетти. Беш тоннасын эл карызга сатып алды. Элден айланса болот", - деди ал.

Ал эми тургун Таалай Төрөканов сел каптаган үйүнөн чыгып, үч баласы жана келинчеги менен туугандарынын үйүндө убактылуу жашоого аргасыз экендигин айтты.

"Мен Бишкекте болчумун. Жубайым менен 3 балам үйдө болчу. Уктап жатышкан экен, эртең менен саат 05:20 чамасында сел келиптир. Документтерди алып чыкканга жетишиптир. Үй жашаганга жараксыз болуп калды. Учурда байкелеримдин үйүндө жашап жатабыз. Үйдүн ичин, тегерегин өзүбүз тазаладык", - деп билдирди ал.

Айылдын өкмөт башчысы Мергенбай Кадыркуловдун айтымында, 30дай турак үй зыянга учурап, унаа жолдору, суу каналдары зыян тарткан.

"Сел кокту менен келген. Эл ичип жаткан суу насосу бар болчу, аны көөмп калды. Эки үйгө суу кирип, толугу менен сел алып кетти. Дагы 30дай үйдүн сарайы жабыркады. Каналдар, жолдор бузулду. Селдин чыгымы канча болорун айтуу кыйын. Балык чарбаны да агызып кетти. Эл менен бирге эки күндөн бери тазалап жатабыз. Азырынча райондон эч ким келе элек. ӨКМнын жетекчиси келип көрүп кеткен, бирок алардан тазалоо иштерине кызматкерлер келген жок. Баарын өз күчүбүз менен кылып жатабыз, солярканы, техниканы деле карызга алып келип жатам. Орто жолго таштап коё албайт экенсиң. Азырынча башка жактан жардамга эч ким келе элек, жардам болоруна деле көз жетпейт. Чыгымдарды эптеп ыйлап-сыктап жабабыз го", - дейт Кадыркулов.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине байланышканыбызда, Торкент айылындагы сел боюнча эч кимден маалымат түшпөгөнүн билдирди.

"Сел жүргөн аймакта алгач айыл өкмөт иш алып барат. Эгер алар иш алып бара албай турган болсо районго кайрылат. Райондун да тазалоо иштерине алы жетпей, суунун нугун бура албайбыз десе облустук деңгээлге өтөт. Анда ӨКМнын адистери менен классификация жүргүзүлөт", - деп маалымдады ӨКМнын басма сөз кызматынан.

Ошондой эле бүгүн, 9-августта ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган тургун Токтогул районунун Оот кыштоосунда да сел жүрүп, унаа жолдогу тосмолорду агызып кеткенин билдирген.

Белгилей кетсек, 7-августта Ысык-Көл облусундагы Түп районунун 3 айылында, Талас облусунун Талас районундагы “Беш-Таш” жаратылыш паркынын 3 жеринде, ошондой эле Кара-Суу айылынын батыш тарабында да сел жүргөнү кабарланган.

Сел
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан