ЭЛДИК КАБАР: Токтогулдагы кыштоодо сел жүрүп, унаа жолдорду бузуп кетти (видео)

Токтогул районунун Бала-Чычкан айылында 8-августта сел жүрүп, тосмолорду агызып кетти. Бул тууралуу тургун бүгүн, 9-августта ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө билдирди.

"Кечээ каттуу жааган жаандан улам Оот кыштоосунда сел жүрүп, унаа жолдорду бузуп, тосмолорду агызып кетти. Тоодон ылдый таштарды агызып, элдин күнүмдүк жашоосуна ыңгайсыздык жаратты. Ал жерде жашаган дыйкандар менен малчылар жергиликтүү бийликтен жардам сурайт", - дейт тургун билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан