Бостериде каза тапкан жигиттин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн атайын ыкчам-тергөө комиссиясы түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.
"6-август күнү Бостери айылындагы “Алтын-Кум” пансионатында каза тапкан Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында зарыл болгон бардык териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Каза тапкан жарандын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында тийиштүү экспертизалар дайындалган. Учурда экспертизанын расмий корутундусу чыга элек.
Орун алган окуяны ар тараптуу жана объективдүү териштирүү максатында Ысык-Көл ОИИБинде атайын ыкчам-тергөө тобу түзүлдү. Аталган топтун курамына облустук милициянын борбордук аппаратында көп жыл эмгектенген тажрыйбалуу милиция кызматкерлери кирди. Алар тараптан окуянын башка күбөлөрүн аныктоо, аларды суракка алуу боюнча кошумча иштер жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 6-августка караган түнү Ысык-Көлдүн Бостери айылында топ балдар арасындагы мушташтан улам 23 жаштагы жигит каза тапканы тууралуу маалымат чыккан. Маркумдун агасы видео аркылуу коомчулукка кайрылып, инисин 7-8 бала сабап өлтүрүп коюшканын билдирген. Ошондой эле ал тергөөчүлөр ишке көңүл кош мамиле жасап, анын өлүмүнө "эпилепсия оорусу себеп болгон" деген тыянак чыгарып коюшканын айтып чыккан.
Ал эми милиция алгачкы кароодо каза тапкан жигиттин денесинен эч кандай ур-токмоктун белгилери байкалбаганын билдирген. Аталган окуя коомчулукта чуу жаратып, ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганы кабарланган.