Садыр Жапаров Бостеридеги 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө эс алуу учурунда каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Укук коргоо органдарына окуянын чоо-жайын ар тараптуу жана объективдүү иликтөө тапшырмасы берилди", - деди Султанбаев.

Белгилей кетсек, кечээ, 6-августка караган түнү Ысык-Көлдүн Бостери айылында топ балдар арасындагы мушташтан улам 23 жаштагы жигит каза тапканы тууралуу маалымат чыккан. Маркумдун агасы видео аркылуу коомчулукка кайрылып, инисин 7-8 бала сабап өлтүрүп коюшканын билдирген. Ошондой эле ал тергөөчүлөр ишке көңүл кош мамиле жасап, анын өлүмүнө эпилепсия оорусу себеп болгон деген тыянак чыгарып коюшканын айтып чыккан. Ал эми облустук милиция маркумдун денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалбаганын, учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалганын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан