Бишкекте бүгүн, 13-декабрда Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагымбаева “2020-жылга чейин саламаттыкты сактоо стратегиясын өнүктүрүү” аттуу тегерек столдо туура тамактануу тууралуу айтты. Анын айтымында, өлкөдө бул багытка анчейин көңүл бурулбай келет.
“Туура тамактанууну жайылтууда туз, майлуу тамактарды күнүмдүк азыктардын катарынан алуу үчүн чараларды көрүү керек. Мындан сырткары шекерди колдонууну азайтып, азык-түлүктөрдү байытуу жана балдардан алкоголдук ичимдиктерди алыс кармоо зарыл”,- деди Сагымбаева.