Нигердеги козголоңчулар Француз аскерлери аба мейкиндигин бузганын кабарлашты

Нигердеги козголоңчулар француз аскерлери Улуттук гвардияга чабуул жасап, мамлекеттин аба мейкиндигин бузганын билдиришти. Бул тууралуу улуттук кеңештин өкүлү Амаду Абдраман жергиликтүү телеканалдын эфиринде маалымдаганын чет элдик басылмалар жазып чыкты.

"Мекенди коргоо боюнча улуттук кеңеш Нигерде, француз күчтөрүнүн биздин аймактагы жүрүм-турумунун фактылары жөнүндө жергиликтүү жана эл аралык коомчулукка маалымдайт. 9-августта саат 06:30да Нигердин Улуттук гвардиясынын позициялары кол салуу объектисине айланды", - деп билдиген козголоңчулар.

Алардын айтымында, француздук күчтөр кармалган террористтерди бошотуп, Нигердин аба мейкиндигине киргенден кийин аба кыймылынын башкаруу органдары менен байланышты атайлап үзгөн. Учурда жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу маалымат такталууда.

Ал эми Франциянын Тышкы иштер министрлиги Нигердин козголоңчулардын билдирүүлөрүн четке какканын Reuters басылмасы жазып чыкты.

"Нигердик лагерге эч кандай кол салуу болгон жок, Нигер аба мейкиндигине учууга уруксат берилген", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 26-июлда Нигер президентинин социалдык тармактагы баракчасында президенттин күзөт бөлүмүнүн мүчөлөрү "антиреспубликалык демонстрацияга" катышып, башка коопсуздук күчтөрүнүн колдоосуна ээ болууга аракет кылганы жазылган. Эртеси күнү Нигердеги аскерлер улуттук телеканал аркылуу президент Мохамед Базумдун бийликтен кулатылганын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан