Гавайи аралдарында өрт чыкты (видео)

Гавайи аралдарында өрттүн кесепетинен массалык эвакуациялоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу CNN басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, ысык аба ырайы жана кургак аба "Дора" бороону алып келген катуу шамал менен аталган аймакта өрттүн дагы күчөшүнө таасирин тийгизүүдө.

Басылманын маалыматына караганда, өрт Мауи аралында катталган. Өрт айрым аймактарда 400 гектар аянтка чейин жеткен. Тилсиз жоо турак жайларга жакындап, бийлик жолдорду тосууга аргасыз болгон. Учурда аралда коомдук транспорт иштебей жатканы айтылууда.

Ал эми жээк коопсуздук кызматынын лейтенанты Элейн Саймондун айтымында, Лахайнадагы адамдар өрттөн качуу үчүн сууга секирип кетишкен. Аталган кызмат 10го жакын адамды куткарганын жана куткаруу иштери дагы деле уланып жатканын айткан. Канча адам дагы эле сууда экени тактала элек.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан