Өлкөдөгү 3 жашка чейинки 80 миңден ашык ымыркайга 640 сом өлчөмүндө жөлөк пул берилет. Бул туурасында Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ноябрь айына чейин жөлөк пулдун өлчөмү 580 сом болчу. Учурда 640 сом. Буга байланыштуу жөлөк пул алуучулардын саны 379 миң адамга чейин жогорулаган.