Эквадордо президенттикке талапкердин өлтүрүлүшү: Учурда өлкөдө эмне болуп жатат?

Эквадордо президенттикке талапкер Фернандо Вильявисенсио Кито шаарында шайлоонун алдындагы митинг учурунда каза болгонун бүгүн, 10-августта өлкө президенти Гильермо Лассо социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.

Буга чейин интернетте окуянын видеосу тараган. El Universo гезитинин жазганына караганда, Вильявисенсиого үч ок тийген. Окуя болгон жерде сегиз адам жабыркап, алардын жетөөсү ооруканага жаткырылган. Ал эми шектүү коопсуздук кызматынын ок атуусунан кийин ооруканага бара жаткан жолдо каза тапкан.

Улуттук полиция кылмышкерлерди табуу үчүн операция жүргүзүп, окуя болгон жердеги көчөлөрдү тоскон. Өлкө башчысы Гильермо Лассо болсо коопсуздук кабинетинин жыйынын уюштурган.

Бүгүн Эквадордо президенттикке талапкер болгон жети талапкердин бешөөсү Вильявисенсио өлтүрүлгөндөн кийин үгүт иштерин токтотконун жарыялашкан. Ошондой эле чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, талапкерге кол салуу болгондон кийин, анын бир нече кеңсесине да кол салуу болгон. Полиция киши өлтүрүү болгон жерге жакын аймактан жардыргыч заттарды тапкан.

Ал эми каза болгон саясатчынын досунун айтымында, Вильявисенсиого буга чейин бир нече жолу коркутуулар болуп келген.

Акыркы сурамжылоолорго караганда, Вильявисенсио 20-августтагы шайлоодо жеңүү үчүн жетиштүү добуш ала алган эмес.

Тhe Guardian басылмасы белгилегендей, каза болгон талапкер буга чейин өлкөнүн экс-президенти Рафаэль Корреага жалаа жапкандыгы үчүн абакка кесилген жана өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөшүп келген.

Учурда Эквадордо Фернандо Вильявисенсионун өлтүрүлүшүнө байланыштуу үч күндүк улуттук аза күтүү жарыяланганы жана 20-августка белгиленген шайлоонун убактысы өзгөрбөй турганы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан