2013-жылы 11 ай ичинде Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 33 миллиард 658,3 миллион сомдук салык чогултулду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Өткөн жылга салыштырмалуу “Кумтөр” компаниясынын салыктарын эсепке албаганда салык 3 миллиард 47,4 миллион сомго көп чогулуп, 11 пайызга көбөйгөн (“Кумтөрдүн” салыгын кошо эсептегенде өсүү 7 пайызга барабар болуп, 2 миллиард 187,5 миллион сом).
Мындан сырткары үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында салыктардын негизги бөлүктөрүндө чогултулган каражаттын суммасы көбөйгөн. Киреше үчүн салык – 101 пайыз, милдеттүү патенттин негизинде – 112,3 пайыз, эрктүү патенттин негизинде – 102,8 пайыз, кыймылдуу мүлккө салык – 116,9 пайыз, кен иштетүүдө – 116,4 пайыз, пайдалануу үчүн алынган жерге салык – 104,3 пайыз жана чарбада пайдаланууга багытталбаган жер үчүн салык 100,4 пайызга чогултулган.