Польша Беларусь менен чектеш аймагына 10 миң аскерин жайгаштырат

Польша Беларусь менен чектешкен аймагына чек араны коргоо үчүн 10 миң аскерин жайгаштырат. Бул тууралуу улуттук коргоо министри Мариуш Блашчак билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Блашчактын маалыматына караганда, чек арада 10 миңге жакын аскер болот. Алардын 4 миңи чек арачыларга көмөктөшсө, 6 миңи ошол аймакты көзөмөлдөйт.

Буга чейин Польшанын Чек ара кызматынын башкы коменданты Томаш Прага Польша-Беларусь чек арасына дагы 1000 аскер жөнөтүү өтүнүчү менен Улуттук коргоо министрлигине кайрылган. Азыркы тапта Беларусь-Польша чек арасында 2000 поляк аскери бар.

Эске салсак, буга чейин Латвия Орусия жана Беларусь менен чектешкен Лудза, Краслава, Аугшдаугава жана Даугавпилс облустарынын административдик аймактарындагы чек араны кайтаруу режимин күчөтөрүн билдирген.

1-августта болсо Беларустун эки тик учагы Польшанын аба мейкиндигин бузган деген маалымат тараган. Анда Польша өкмөтү Беларустун Ми-24 жана Ми-8 учактары Польшанын чек арасына 3 чакырым тереңдикте учуп, Беловежа айылына жакын чек араны кесип өткөнүн айткан. Бирок Беларустун Коргоо министрлиги бул билдирүүлөрдү четке кагып, Варшава бул айыптоолорду беларус-поляк чек арасына жакын жерде өзүнүн аскер күчтөрүн көбөйтүү үчүн шылтоо катары пайдаланып жатканын маалымдаган.

Көп өтпөй, АКШ бардык мамлекеттерди башка өлкөнүн аба мейкиндигин сыйлоого чакырып, НАТОнун курамына кирген Польшанын коопсуздугуна олуттуу карай турганын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан