"Барселонанын" легенда оюнчулары Бишкекте футбол ойнойт

Испаниянын атактуу "Барселона" клубунун легенда футболчулары 30-августта Бишкекте оюн өткөрөт. Мындай маалымат каталондук клубдун расмий сайтына жарыяланды.

Андагы маалыматка ылайык, каталондук клуб JALGROUP ASIA компаниясы менен кызматташуу келишимине кол коюп, "Кыргызстандагы Барса тажрыйбасы" аттуу долбоорду иштеп чыгышты. Ал эми долбоорду колдоо максатында легендарлуу клубдун оюнчулары Кыргызстанга конокко келишет.

Ал эми 30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барса Легендалары” командасы менен “Азия Легендалары” командасы беттешет. Оюнга “Барселонанын” мурдагы оюнчулары Жулиано Беллетти, Лодовик Жули, Рональд де Бур жана башка белгилүү легенда футболчулар катышат.

Кыргыз футболдук союзу бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан