Эсептөө палатасынын инспекторлору 2014-жылдан тарта эл аралык стандарт менен иштей башташат. Муну аталган мекеменин башчысы Элмира Ибраимова бүгүн, 13-декабрда “Республика” фракциясынын жыйынында айтты. Ибраимова мекемеде аттестация жүрүп, өтпөй калгандар иштен айдалып жатканын да билдирди.
“Бизде системдин өзүн өзгөртүшүбүз керек. Аудит системи ачык өтүп, коррупцияга жол берилбегидей болушу зарыл”,- дейт ал.
Айта кетсек, жыйында Эсептөө палатасынын 2012-жыл боюнча отчёту угулууда.