Эсептөө палатасы 2012-жылы берген
талап аткарбоо фактысынын ичинен Башкы прокуратура 16 иш боюнча кылмыш ишин
козгогон. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда “Республика” фракциясынын жыйынында
башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу билдирди.
Фракция Эсептөө
палатасынын 2012-жыл боюнча берген отчётун талкуулап жатат.
Анын айтымында, өткөн
жылы аталган мекеме Башкы прокуратурага 1,2 миллиард сомдук укук бузуу
катталганы боюнча 23 талап аткарбоо фактысын берген.
“Бирок 16 кылмыш иши
козголду. Каржылык укук бузуулар көпчүлүк учурда кылмыштуулукка жатпайт. Ошондуктан
биз кылмыш ишин козгогон жокпуз. Анткен менен чогултулган материалдар башка
мекемелерге өткөрүлүп берилет”,- деди ал.