Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев Пекин шаарында өткөн Конфуций институттарынын 8-конференциясына катышты. Иш-чарага120 өлкөнүн өкүлдөрү келишкенин ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Конференцияда 6 өлкөнүн өкүлүнө сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берилди.
К.Осмоналиев өз сөзүндө “Кытай тилинин окутуучусу” адистиги боюнча студенттерди даярдоо маселесине токтолуп, Бишкек Гуманитардык университети 2013-жылдын 30-декабрында Ханьбань кеңсеси менен БГУга “кытай тилинин окутуучусу” адистигин ачуу тууралуу келишим түзүлгөндүгүн белгиледи. Келишимге ылайык, Ханьбань кеңсеси студенттерге 5 жыл бою “кытай тилинин окутуучусу” адистигин үйрөтүү боюнча БГУга көмөк көрсөтмөкчү. Студенттер 2 жыл Кыргызстанда, 2 жыл Кытайда окуп, андан кийин эки өлкөнүн дипломдорун алышат.
Осмоналиев Кыргызстанда кытай тилин мыкты билген адистердин жетишсиздигин да айтты.