Ганада "Вагнердин" футболкасын кийгендер кармалып, Пригожин бул боюнча билдирүү жасады

"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын ээси Евгений Пригожин Ганада орусиялык жеке аскердик компаниянын футболкасын кийгендер боюнча комментарий берди. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Бир күн мурда Ганада Нигерге ыктымал кийлигишүүгө каршы митинг өткөн. Анда жергиликтүү тургундар Нигердин басып киришине каршы экенин жана Орусия менен достук мамиледе болуп келгендигин билдиришкен. Митингчилер Орусиянын желегин желбиретип, "Вагнердин" футболкаларын кийип алышкан. Полиция футболканы кийген үч кишини камакка алды. ㅤ

"Вагнердин" колдоочулары - дүйнө жүзү боюнча көп. Мен бул жактоочулар "Вагнердин" идеологиясын колдоп жатканына көңүл бурдургум келет, ал эми "Вагнер" согушту баштабайт, согушту токтотот", - деген Пригожин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан