Орусиянын Борбордук Банкы рублдун жаңы символун бекитти

Орусия Борбордук Банкы рублдун символун иштеп чыкты. Бул символ акча белгилерин каттоого алуу үчүн колдонулат. Мындай маалыматты чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Жаңы символдо Р тамгасынын төмөн жагына туурасынан сызыкча чийилген. Аны кабыл алуу чечими Борбордук Банктын директорлор кеңеши тарабынан бекитилген.
Белгилей кетсек, Борбордук Банк рублдун символу боло турган 5 вариантты расмий сайты аркылуу добуш берүүгө койгон. Добуш берүү 5-ноябрдан 5-декабрга чейин уланып, ага 280 миң адам катышкан. Алардын 61 пайызы рублдун жаңы бекитилген символуна добуш беришкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан