Өлкө башчы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге Дагестандагы май куюучу станцияда болгон жарылуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
“Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөм жана бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Белгилей кетсек, кечээ кечинде Махачкаладагы "Глобус" соода борборунун жанында автосервис өрттөнүп, өрт май куюучу жайга өтүп, андан кийин катуу жарылуу болгон.
Акыркы маалыматка ылайык, жарылуудан каза болгондордун жалпы саны 35ке жетсе, жабыркагандардын саны 100дөн ашты.